Бишкекте 148 унаалуу 13 медициналык тез жардам станциясын жайгаштыруу каралууда. Бул тууралуу борбор калаанын Башкы планында айтылат.
2050-жылга карата Бишкекте болжол менен 197 унаалуу 20 медициналык тез жардам станциясы иштей тургандыгы кошумчаланган.
Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө Бишкек шаарынын аймагында 49 унаасы бар 7 медициналык тез жардам станциясы жайгашкан.