Бишкекте 20 мектептин курулушу башталды

Быйыл Бишкек шаарында республикалык бюджеттин эсебинен 20 мектептин курулушу башталды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, министрликте тиешелүү департаменттердин жетекчилери жана подряддык уюмдардын өкүлдөрү катышкан жыйын өткөрүлдү.

Анда Бишкек шаарында курулуп жаткан 20 мектептеги курулуш иштеринин техникалык абалы, сапаты жана аткарылышы талкууланды. Ошондой эле долбоорлорду ишке ашырып жаткан подряддык уюмдардын курулуш материалдары, жумушчу күчүнүн уюштурулушу, коопсуздук чаралары, финансылык жана башка бир катар маселелери каралды. Курулуш иштерин өз мөөнөтүнөн кечиктирбөө максатында тиешелүү тапшырмалар берилди.

Учурда бардык объектилерде курулуш иштеринин алгачкы этабы жүрүүдө:

  • Октябрь району – 6 мектеп,
  • Ленин району – 6 мектеп,
  • Биринчи май району – 5 мектеп,
  • Свердлов району – 3 мектеп.

Курулуш иштеринин сапаты, коопсуздугу жана графикке ылайык жүргүзүлүшү министрликтин тыкыр көзөмөлүндө.

3 Март 2026 жыл 9:26
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча