Милицияга кабар бүгүн саат 11де түшкөн. Чалган адам өзүн үй кызматчысымын деп тааныштырып, 1967-жылы туулган үй ээсинин сөөгүн ашканадан тапканын, өлүктүн алдында тапанча жатканын билдирген.
Тартип сакчылар окуя болгон жерди караганда буюм-тайымдар талкаланбагандыгын, алышып, кармашуу байкалбагандыгын айтышкан.
«Сөөктү сырттан карап, текшергенде октон алган жаракатын кошпогондо башка жабыркаган жерлер табылган эмес. Чогултулган материалдардын жыйынтыгына ылайык, бул окуя боюнча алдын ала билдирсек, өзүн-өзү өлтүрүү катары бааланууда», — деп Свердлов райондук милициясынан билдиришти.