Бишкек шаарындагы Калыс-Ордо конушунда 6 жашар баланы иттер талаган. Ага операция жасалды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине жабыркаган баланын атасы Бекзат Туйтеев билдирди.
Анын айтымында, баласы ойноп жатып, кошунасынын короосуна кулап кеткен. Коңшусунун иттери баланы тиштегилеп, талап салган.
“Иттер баламдын буттарын, болгон денесин тиштегилешкен. Баш мээси жабыркаган. Кечинде операция болду. Азыр баламдын абалы туруктуу. Бишкек шаарындагы Тез медициналык жардам балдар клиникалык ооруканасында жатат”, — деди ал.
Ошондой эле Бекзат Туйтеев окуя боюнча милицияга айтып бергенин жана алар мыйзам чегинде иттердин ээсине карата чара көрүү керектигин белгиледи.