Бишкекте адам өлтүрүү үчүн эл аралык издөөдө жүргөн жаран кармалды

Бишкекте адам өлтүрүү жана каракчылык үчүн эл аралык издөөдө жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 30-апрель күнү Бишкек шаарынын аймагында эл аралык издөөдө жүргөн 1976-жылы туулган В.П. аттуу жаран кармалды.

1976-жылы туулган В.П. аттуу жаран 2005-жылдан бери Россиянын укук коргоо органдары тарабынан киши өлтүрүү жана каракчылык боюнча издөөдө жүргөн.

Учурда тийиштүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

30 Апрель 2024 жыл 15:52
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча