Бишкекте акциздик маркасы жок 13 миңге жакын бөтөлкө суусундук аныкталды

Бишкек шаарында жүргүзүлгөн рейддик салык контролунун жүрүшүндө акциздик маркасы жок продукцияларды сатуу фактыларын аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Тактап айтканда, 13 миң бөтөлкөгө жакын акциздик маркасы жок кант камтыган, энергетикалык жана алкоголдук ичимдиктер табылган.

Бул факты боюнча жеринде тиешелүү актылар түзүлүп, материалдар мыйзамга ылайык укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.

Белгилей кетсек, маркасы жок акциздик продукцияларды сатуу үчүн жоопкерчилик чаралары каралган: 200 даанага чейин сатууда — 100 миң сом өлчөмүндө айып пул, ал эми 200дөн ашык санда сатууда — 7 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

Салык кызматы ишкерлерди акциздик маркасы жок продукцияларды сатпоого, ошондой эле маркалардын аныктыгын жана талаптарга шайкештигин кылдат текшерүүгө чакырат.

28 Январь 2026 жыл 16:52
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча