Бишкекте «алыш» бел боо күрөшү боюнча эл аралык мелдеш башталды

Бүгүн Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда «Алыш” бел боо күрөшү боюнча эркектер жана кыз-келиндер арасында Баяман Эркинбаевдин жаркын элесине арналган «Гран-При» эл аралык мелдеши башталды.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, мелдешке Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Украина, Индия жана Нидерландыдан келген 120дан ашык спортчу катышууда.

Катышуучулар төмөнкү салмак категорияларында күч сынашууда:

  • эркектер арасында (эркин жана классикалык стиль): 60, 70, 80, 90, 100, +100 кг;
  • кыз-келиндер арасында (эркин стиль): 55, 60, 65, 70, 75, +75 кг.

Эскерте кетсек, аталган мелдеш Дене тарбия жана спорт департаментине караштуу Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан уюштурулууда.

Мелдештин жалпы байге фонду 1 млн сом.

Беттештер УТРК спорт теле каналында түз эфирден көрсөтүлүүдө.

29 Апрель 2024 жыл 16:54
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча