
Бишкекте асма жолдун курулушу 2024-жылдын май айынын аягында – июнь айынын башында башталат. Бул тууралуу вице-мэр Максатбек Сазыкулов шаардык кенештин 21-февралдагы жыйынында билдирген.
Вице-мэрдин айтымында, ушул айдын аягында Швейцариядан дизайнердин келиши күтүлүүдө, анда кызматташуу келишимине кол коюлат.
«Долбоор алдын ала жактырылган, капсула салуу иши майдын аягы – июнь айынын башына пландалууда. Объект 2025-жылдын үчүнчү кварталында ишке киргизилери күтүлүүдө», — деди Сазыкулов.
Долбоорго ылайык, асма жол 65 кабина менен жабдылып, күнүнө 50 миңден 100 миңге чейин адамды ташыйт. Долбоор шаардын бюджетинен ар кандай булактардан инвестиция тартуу менен каржыланат.