
Бишкекте автобус сүзүп кеткен 18 жаштагы кыз каза болду. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, кырсык 7-октябрда болгон. Шаардык милициянын маалыматына ылайык, Zhong Tong үлгүсүндөгү коомдук автобусту айдап бараткан 60 жаштагы айдоочу Чүй проспектисинен жолдон өтүп бараткан кызды сүзүп кеткен. Бейтап реанимацияга жаткырылып, алган жаракатынан улам өзүнө келбей каза болгон.
Бул факты Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды. Автобус айып короого киргизилди.