Бишкекте автобустардын техникалык жана санитардык абалы текшерилди

Бишкекте коомдук транспорттун техникалык жана санитардык абалы текшерилди.

Муниципалитеттен билдиришкендей, текшерүүнүн жүрүшүндө айрым автобустардын техникалык абалында мүчүлүштүктөр аныкталып, аларга линияга чыгууга тыюу салынды.

Ошондой эле кээ бир автобустардын тышкы көрүнүшү жана тазалыгы белгиленген талаптарга жооп бербегендиктен, аларды кайрадан жууп-тазалоо боюнча тапшырмалар берилди.

Мындан тышкары, техникалык абалды талаптагыдай көзөмөлгө албагандыгы, коомдук транспорттун трафареттерин тийиштүү деңгээлде текшербегени жана белгиленген нормаларга ылайык келбегендиги үчүн айрым текшерүүчү механиктерге эскертүү берилип, колоннанын механигине сөгүш жарыяланды.

26 Февраль 2026 жыл 17:14
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча