Бишкек шаарында «үй-бүлөгө көмөк» жөлөк пулун алуучу 456 үй-бүлөгө азык-түлүк түрүндө гуманитардык жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, калктын аярлуу катмарларын колдоо максатында Бишкек шаарына Мамлекеттик материалдык резервдер фондунан жалпысынан 2 280 даана эт консервасы бөлүнүп берилген.
«Бул чара турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөлөрдү колдоого багытталып, мамлекеттик социалдык саясаттын алкагында даректүү ишке ашырылууда», — деп айтылат билдирүүдө.