Жаңы жылдык эс алуу күндөрү — бул балдар менен бирге убакыт өткөрүү жана көңүл ачуу үчүн мыкты мүмкүнчүлүк. Борбор калаада каникул убагында сейилдөө, активдүү эс алуу жана маданий иш-чараларга баруу үчүн бир нече жерлер бар. Биз алардын айрымдарын төмөндө сунуштайбыз.
Ала-Тоо аянтындагы башкы балаты
Жаңы жылдык каникул убагында баруу үчүн Ала-Тоо аянтында өлкөнүн башкы балатысы бар. Бул жерде тамактануу үчүн атайын фуд-корт иштейт. Ошондой эле ачык асман алдында чоң муз аянтча бар. Балдар үчүн Аяз-Ата жана Санта-Клаус кабыл алуу жайлары уюштурулуп, балдарга белектер берилет. Андан сырткары, кондитердик азыктардын мастер-класстарына катышууга болот.

“Евразия” паркы
Жаңы жылдык каникулда үй-бүлөлүк эс алуулар үчүн — Евразия” паркы кызматта. Бул эс алуу жайында дагы атайын жаңы жылдык кооздуктар менен балаты орнотулган. Ал балдар менен сейилдөөгө өтө ыңгайлуу вариант болуп саналат.

Кыргызстандагы тоо-лыжа базалары
Учурда “Каракол”, “ЗИЛ” жана “Орловка” тоо-лыжа базалары иш алып барууда. Бул жерлерде лыжа жана сноуборд тебүү, ошондой эле кышкы тоо атмосферасында эс алуу мүмкүнчүлүктөрү түзүлгөн. Бул эс алуу жайларына барар алдында алардын иштөө режимин, аба ырайын жана трассалардын абалын алдын ала тактап алуу сунушталат.

Bishkek Arena муз аянтчасы
Bishkek Arena шаардык муз аянтчасынан чоңдор жана балдар дагы муз тебе алышат. Бул жерде үй-бүлө менен убакыт өткөрүүгө, кышкы атмосфераны сезүүгө болот. Бул муз аянтчасы активдүү эс алууга жана бир нече саат убакытты кыймыл аракетте жана кубаныч менен өткөрүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Кинотеатрлар — “Аватар: Пламя и пепел” фильми
Андан сырткары, жаңы жылдык каникулдарда Бишкектеги кинотеатрларга барып, “Аватар: Пламя и пепел” фильмин көрүүгө болот. Кинотеатрга баруу — майрам күндөрү үй-бүлө менен тынч шартта убакыт өткөрүүнүн популярдуу варианты.

Спектакль — “Летучий корабль”
Ч.Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театрында — “Летучий корабль” музыкалык жомогу көрсөтүлөт. Баруудан мурун көрсөтүүлөрдүн күнүн жана убактысы тактап алууну сунуштайбыз.
