Бишкекте базардагы соодагерлер ооруларга акысыз экспресс-тест тапшыра алышат

Бишкектин базарларында иштеген соодагерлер ВИЧ, сифилис жана гепатит (В,С) ооруларынын бар-жогун акысыз экспресс-тесттен билип алса болот. Бул тууралуу Саламаттык сактоо кызматкерлеринин профсоюзунан кабарлашты.

Акция 1-ноябрга чейин борбор калаадагы базарларда саат 9:00дөн 15:00гө чейин өтөт.

Экспресс-тест тапшыруу графиги:

7-октябрь — «Таатан» соода борбору;

9-11-октябрь — «Дордой Дыйкан», «Дордой Моторс» базарлары;

14-16-октябрь — «Аламүдүн», «Табылга» базарлары;

24-26-октябрь — «Орто-Сай» соода борбору.

Мындан тышкары, соодагерлер мобилдик клиникада дарыгерлерден да кеңеш ала алышат. Азыркы тапта бул мобилдик клиника «Мадина» базарында иштеп жатканы кошумчаланды.

4 Октябрь 2024 жыл 9:41
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча