Бишкекте бычак жеген келин көз жумду, күйөөсү жандандыруу бөлүмүндө

15-ноябрь күнү саат 7:40 чамасында Бишкектин Арча-Бешик конушунун тургуну, 27 жаштагы Н. А. аттуу келин бычактан жараат алып, «Тез жардам» ооруканасына жеткирилген. Көп өтпөй каза болгон. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын (РИИБ) басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, ооруканага ошондой эле бычактан алган жарааты менен маркумдун күйөөсү — 34 жаштагы А. Р. аттуу адам да жеткирилген, учурда жандандыруу бөлүмүндө. Аны милиция кайтарууга алганы кабарланды.

Бул окуя милициянын реестрине катталды, тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.

РИИБдин маалыматына караганда, жубайлардын экөөнү тең ооруканага туугандары жеткиришкен. Иликтеп-текшерүү иштери учурунда жубайлар чатакташканы аныкталган.

15 Ноябрь 2024 жыл 11:57
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча