Бишкекте дагы бир жаңы сквер курулууда

Бишкекте дагы бир жаңы сквер курулууда. Муниципалитеттен билдиришкендей, сквер Биринчи май районунда Нариманов жана Алтай тилкелеринин кесилишинде курулууда.

Иштин жүрүшү менен райондун акиминин милдетин аткаруучу Райым Жолдошов таанышты.

«Жашыл аянтчанын аянты 0,8 га түзөт. Учурда 1150 чарчы метр жер таман таш төшөөгө даярдалууда, анын ичинен 600 чарчы метри коюлду, Ошондой эле көчөлөрдү жарыктандыруучу мамылар орнотулуп, отургучтар коюлууда. Ошондой эле жашылдандыруу үчүн газон чөптүн үрөнүн себүүгө топурак даярдалууда. Жакында сугат лотоктору алынып келет», — деп белгилешти мэриядан.

Иштерди сентябрдын аягына чейин бүткөрүү пландалууда.

Белгилей кетсек, буга чейин кароосуз калган бош жерде эски балдар аянтчасы демонтаждалган жана бул жер көп чогулгандардын сүйүктүү жери катары эсептелген.

21 Сентябрь 2023 жыл 15:10

Тема боюнча