![](https://bia.kg/wp-content/uploads/2024/07/1134109_3fa72638af84eef746fdd3c3f5455ff0_1.730x0.jpg)
Бишкекте троллейбустардын кыймылы өзгөрүлдү.
Муниципалитеттен билдиришкендей, катттамдаршаарда жолдорду капиталдык оңдоо иштеринин жүрүшүнө байланыштуу өзгөртүлдү.
Ошентип, 7-июлда Абдырахманов көчөсүнүн Чүй проспектиси менен Киев көчөсүнүн ортосундагы тилкесинде оңдоо иштери башталды. Буга байланыштуу № 2, № 4 жана № 7 троллейбус каттамдарынын кыймылы убактылуу токтотулду. Учурда эки гана троллейбус каттамы жүрүүдө — №11 жана №14.
Бишкек мэриясы шаар тургундарынан жана конокторунан убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт.