Бишкекте эки көчөнүн айрым тилкелери жабылат

Бишкекте эки көчөнүн айрым тилкелери жабылат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, “Бишкек жылуулук тармагы” муниципалдык ишканасы жылытуу мезгилине даярдык көрүүнүн алкагында жылуулук тармактарын реконструкциялоодо.

Буга байланыштуу 15-апрелден тарта Шабдан баатыр көчөсүнүн түштүк тарабы Курманжан датка көчөсүнөн Достоевский көчөсүнө чейин, ошондой эле Фрунзе көчөсүнүн Тыныстанов көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки аралыгы жабылат.

Белгиленгендей, реконструкциялоо иштери этап-этабы менен аткарылып, жылытуу сезону башталганга чейин аяктайт.

13 Апрель 2026 жыл 9:37
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча