Бишкекте ири суммадагы шылуундукка шектелген аял кармалды

Бишкектин Ленин райондук ички иштер башкармалыгы (РИИБ) 11-мартта кабарлагандай, милицияга былтыр сентябрда борбор калаанын тургуну кайрылып, белгисиз аял 650 500 сомун алдап алып кетти деп даттанган. Ал арызында акчасын алган аял «ай сайын 100 миң сомдон киреше түшүп турат» деп убада кылганын билдирген.

Арыздын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси («Алдамчылык») менен кылмыш иши козголуп, иликтөө жүргүзүлгөн.

«Милиция кызматкерлери шектүүнүн тек-жайын аныктап, 1981-жылы туулган Р. Э. аттуу аялды кармашкан. Шектүү ушундай эле кылмышы үчүн үй камагына алынган болуп чыкты. Тергөө иштеринин алкагында ал дагы бир алдамчылык фактысына да тиешеси бардыгы аныкталды», — деп билдирди РИИБдин басма сөз кызматы.

Ленин райондук соту шектүү аялды Бишкектеги №1 тергөө абагына камакка алуу чечимин чыгарган.

11 Март 2025 жыл 15:52
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча