Бишкекте көп кабаттуу турак үйдүн курулушу убактылуу токтотулду. Себеби…

Бишкекте көп кабаттуу турак үйдүн курулушу убактылуу токтотулду. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаары боюнча мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгынын өкүлдөрү ГИССИП институтунун адистери менен биргеликте Элебаев көчөсү, 46 дарегиндеги унаа токтоочу жайлары бар 7 кабаттуу турак үйдү курулуш иштерин карап чыкты.

Текшерүүдө курулуш нормаларынын бузулушу, жер төлөнүн монолиттүү темир-бетон каркасында жана 1-кабытында аныкталгын, 3,4-кабаттардын дубалдарын кыш менен көтөрүүдө мыйзам бузуулар аныкталган.

Комиссиянын негизинде текшерүү акты түзүлүп, 28-ноябрдагы аныкталган бузууларды четтетүү туралуу жазма эскертме баракчасы берилген.

Курулуш иштери Жер титирөө институтунун коротундусу чыкканга чейин токтотулду.

29 Ноябрь 2024 жыл 9:57
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча