Бишкекте карызы бар 6 миңден ашуун абоненттин жарыгы өчүрүлөт

Бишкекте 6 миңден ашуун абонент электр энергиясы үчүн карызы бар экендигине байланыштуу жарыксыз калышы мүмкүн. Бул тууралуу Бишкек электр тармактар ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 24-марттан тарта дебитордук карызы бар абоненттердин жарыгы аралыктан өчүрүлө баштайт.

Энергетиктер борбор калаанын тургундарын ыңгайсыздыктарды болтурбоо үчүн төлөмдөрдү өз убагында жүргүзүүгө чакырат.

Ишкананын сайтындагы «Абоненттин балансы» бөлүмүнөн жеке эсептин абалын билүүгө болот.

Суроолор боюнча сутка бою иштеген 1209, 105 кыска номерлерине же WhatsApp аркылуу кайрылыңыз.

23 Март 2026 жыл 11:21
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча