Бишкекте Курман айт намазы эски аянтта окулат

Бишкекте Курман айт намазы Турдакун Усубалиев атындагы эски аянтта окулат. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришти.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда Курман айт майрамы 27-майда белгиленет. Ал эми 26-май арапа күнү.

Курман айт күнү адам баласынын кылган амалдарынын ичинен Аллахка эң сүйүктүүсү — курмандык чалуу. Курман айт ислам дининдеги эң улуу майрамдардын бири болуп эсептелет. Бул күндөр мусулмандардын ынтымагын бекемдеп, боорукерликти, жардамдашууну жана курмандык аркылуу Аллахка жакындоону даңазалайт.

22 Май 2026 жыл 16:42
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча