Месароша көчөсүндө жолду капиталдык оңдоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы Месароша көчөсүндө Фучик көчөсүнөн Профсоюз көчөсүнө чейинки тилкеде иштөөдө.
Оңдолуп жаткан тилкенин жалпы узундугу 1350 метрди түзөт.
Иштердин жүрүшүндө жаңы технология — атайын техника «ресайклер» колдонулууда. Бул жол катмарынын сапатын жогорулатып, анын кызмат мөөнөтүн узартууга мүмкүнчүлүк берет.