Бишкекте сарайдан чыккан өрт толук өчүрүлдү 

Бишкек шаарынын Тыныстанов көчөсүндө жайгашкан сарайдан чыккан өрт саат 15:36да толук өчүрүлдү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, тилсиз жоого 2 күжүрмөн эсеп, 1 автошаты жана штаб тартылган.

Кырсыктын кесепетинен жалпы аянты болжол менен 350 чарчы метр күйүп, иске ууланган бир жаран куткарылган.

Өрт сарайдан 3 кабаттуу үйдүн чатырына өтүп, болжол менен 30 адам батирден эвакуацияланган.

18 Июнь 2024 жыл 16:41
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча