Бишкекте сойкукананын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду

Биринчи май райондук администрациясынын кызматкерлери милиция кызматкерлери менен биргеликте район аймагында алдын алуу рейдин өткөрүштү.

Райондук администрациядан билдиришкендей, рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө Түгөлбай Ата көчөсүндө интимдик кызматтарды көрсөткөн сойкукана аныкталып, 3 аялга карата административдик протоколдор түзүлдү. Ошондой эле аларга түшүндүрүү жана алдын алуу иштери жүргүзүлдү.

Биринчи май районунун аймагында коомдук тартипти бузууларды аныктоо жана бөгөт коюу боюнча алдын алуу рейддери туруктуу негизде улантылары белгиленди.

17 Январь 2026 жыл 17:31
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча