Бишкекте төкмө акындардын Эл аралык айтышы өтөт

Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында 30-31-августта төкмө акындардын XVII Эл аралык айтышы өтөт. Бул тууралуу Улуттук “Манас” театрынан билдиришти.

Эл апалык айтыш Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына, Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүк күнүнө, Арстанбек Буйлаш уулунун 200 жылдыгына, Токтогул Сатылгановдун 160 жылдыгына, Барпы Алыкуловдун 140 жылдыгына, Алымкул Үсөнбаевдин 130 жылдыгына арналат.

Айтыштын байге фонду 3 млн сомду түзөт. Тандоо туру 12-августда саат 10:00дө Кыргыз улуттук «Манас» театрынын залында өтмөкчү.

29 Июль 2024 жыл 11:41
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча