Бишкекте телефондук террорист 6 айга эркинен ажыратылды

Бишкекте телефондук террорист жарым жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирет.

Маадыматка ылайык, сот иши үстүбүздөгү жылы 18-майда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда каралды. Анда терроризм актысы жөнүндө атайылап жалган маалымат берүү фактысы боюнча соттолуучу Н.А.А. күнөөлүү деп табылып, аталган кылмышты жасагандыгы үчүн айыпталып, алты айга эркиндигинен ажыратылды. Ал жазасын жалпы режимдеги түзөтүү колониясында өтөйт.

Буга чейинки 2023-жылдын 3-февралында саат 06:21де 112 нөөмөт кызматына, Бишкек шаарынын Чүй проспектиси менен Дзержинский бульварынын кесилишинде колго жасалган жардыруучу зат тууралуу жашыруун маалымат келип түшкөн. Кийинчерээк ал маалымат тастыкталган эмес.

Бул факты боюнча материалдар КР Кылмыш-жаза кодексинин 259-беренеси «Терроризм актысы жөнүндө билип туруп жалган маалымат берүү» боюнча кылмыш иши козголуп, кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

УКМК тарабынан жүргүзүлгөн атайын тергөө иш-чараларынын жана ыкчам иш-чараларынын натыйжасында, КР жараны 1982-жылы туулган Н.А.А. аныкталып, тергөө амалдарынын жүрүшүндө бейбаштык үчүн жасагандыгын мойнуна алган.

УКМК мындай аракеттер кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылаарын белгилейт, анткени КР Кылмыш-жаза кодексинин 259-беренесине ылайык, боло турган жарылуу тууралуу атайылап жалган маалыматты айтып, өрттөө же өлүм же оор жаракат алуу коркунучун туудурган башка аракеттер, бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына же 500 сомдон 1000 сомго чейинки эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндөгү айыпка же беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

20 Май 2023 жыл 11:48

Тема боюнча