Бишкек шаарында керектөөчүлөргө ысык суу 2024-жылдын 1-июнунан тарта бериле баштайт. Бул маалыматты “Кабар” агенттигине «Бишкекжылуулуктармагы» ААКтан тастыкташты.
Суу берүү 3-4 күнгө созулат. Суу биринчи кезекте социалдык объектилерге берилет. Ал эми жөнгө салуу иштери 10 күнгө чейин созулушу мүмкүн.
Ысык суу берүүдө маселе жаралса төмөнкү номерлерге байланышсаңыздар болот:
Белгилей кетсек, быйыл Бишкекте суу 22-апрелден тарта токтотулган.