Бишкекте жаңы жыл түнү салюттан 3 бала күйүк алган

Бишкек шаарында жаңы жыл түнү пиротехникалык каражаттарды колдонуу учурунда 3 бала жеңил күйүк алып, ооруканага түштү. Бул тууралуу Балдар ооруканасынын башкы дарыгери Акылбек Маманов билдирди.

Анын айтымында, балдарга медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин, алар амбулатордук дарыланууга чыгарылды.

Ал белгилегендей, саламаттыкты сактоо уюмдарынын кызматкерлери 31-декабрдан 2-январга чейин нөөмөттө турушту. Анткени муктаж болгон жарандарды медициналык жардамсыз калтыруу мүмкүн эмес. Ал эми 2024-жылдын 2-январынан тарта бардык ооруканалар жана клиникалар өз графиктерине ылайык штаттык режимде иштеп жатышат.

3 Январь 2024 жыл 8:45

Тема боюнча