Бишкекте жазгы веложүрүш өттү

Бүгүн, 1-майда Бишкек шаарында борбор калаанын 148 жылдыгына арналган жазгы веложүрүш өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, веложүрүш Дайыр Асанов атындагы Жеңиш паркында башталып, катышуучулар «Газпром — балдарга» дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплексинин аймагында марага жетишти. Маршруттун жалпы узундугу 5,5 км түздү.

Иш-чарага кесипкөй жана ышкыбоз велосипедчилер, ошондой эле үй-бүлөлөрү менен келген шаар тургундары да катышты.

Жалпысынан 2 миңден ашуун велосипедчи катышты. Марада коноктор үчүн көңүл ачуучу программа уюштурулду.

1 Май 2026 жыл 12:31
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча