Бишкекте жол кирени көтөрүүнүн мөөнөтү жылдырылды

Бишкек шаарындагы коомдук транспортто жол кирени көтөрүүнүн мөөнөтү жылдырылды. Буга чейин тарифтер 15-январда кымбаттай турганы расмий кабарланган эле.

Мэриянын басма сөз кызматы «Азаттыкка» маалымдагандай, майрамдык эс алуу күндөрүнө байланыштуу тийиштүү токтомду даярдоо аягына чыга элек. Азырынча жүргүнчүлөр мурдагы баа менен каттай беришет. Токтом качан даяр болуп, кайсыл күнү күчүнө кирери азырынча айтыла элек.

Жол кирени көтөрүү чечимин шаардык кеңеш 27-декабрда кабыл алган. Ага ылайык, 15-январдан тартып автобус жана троллейбуста жол кире «Тулпар» картасы менен 17 сом, накталай 20 сом, MegaPay сервиси аркылуу 11 сом деп белгиленген. Жеке жана кичи автобустардыкы 20 сом деп чечилген.

14 Январь 2024 жыл 15:12

Тема боюнча