Бишкекте жоогазын фестивалы башталды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги ТюлпанЛенд компаниясы менен биргеликте жоогазын фестивалын баштады.

Ведомстводон маалымдашкандай, фестиваль 2-марттан 10-мартка чейин уланат. Иш-чаранын алкагында жоогазын гүлдөрү дүң жана чекене баада сатыкка коюлууда. Баалар 75 сомдон жогору болуп, кардарлар гүлдөрдү дүң жана чекене түрдө сатып алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Фестивалдын негизги максаты – ата мекендик гүл өстүрүүчүлөрдү колдоо, ички рынокто жергиликтүү продукциянын үлүшүн арттыруу жана калкты сапаттуу, экологиялык жактан таза гүлдөр менен камсыз кылуу. Иш-чарада жоогазындын ар түрдүү сорттору сунушталып, өндүрүүчүлөр өз продукциясын түздөн-түз керектөөчүлөргө тааныштырып жатышат.

Мындан тышкары, фестиваль гүл чарбачылыгын өнүктүрүү, жаңы сортторду жайылтуу жана бул тармакка инвестиция тартуу багытындагы демилгелерди илгерилетүүгө өбөлгө түзөт. Иш-чаранын жүрүшүндө адистер тарабынан кеңештер берилип, гүл өстүрүү боюнча тажрыйба алмашуу уюштурулууда.

2 Март 2026 жыл 15:27
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча