Бишкекте зомбулукка кабылган кыз-келиндерге жардам көрсөткөн бирдиктүү борбор ачылды

Бишкек шаарында Эмгек, социалдык өнүктүрүү жана миграция министрлигинин алдында зомбулукка кабылган кыз-келиндерге сапаттуу жардам көрсөтүү максатында бирдиктүү терезе принцибиндеги борбор ачылды. Бул жерде оор кырдаалга туш болгон аялдар укуктук, медициналык, психологиялык жардам ала алышат. Зарыл болсо соттук-медициналык кароодон өткөрүлөт.

«Зомбулуктан жабыркагандарды колдоонун бирдиктүү терезеси» деген аталышта Борбор Азияда алгачкы ачылган мекемеде аялдарга көрсөтүлчү жардамдар бир жерге бириктирилип, керек болгон бардык мекеменин кызматкерлери нөөмөт менен күнү-түнү иштейт.

Бирдиктүү терезе БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгы жана АКШ элчилигинин колдоосунда ачылды. Үй-бүлөлүк зомбулукка кабылып, оор кырдаалга туш болгон кыз-келиндер аталган жайда 10 күнгө чейин жашап тура алат.

24 Май 2024 жыл 15:19
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча