Бишкектеги №216 каттамдын маршруткалары эми автобуска алмашты

Бүгүндөн тарта Бишкек шаарындагы №216 каттамдын маршруткалары автобуска алмашат. Бул туурасында мэриядан кабарлашты.

Замена микроавтобуса №216 на автобус в Бишкеке  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.04.2024

Буга чейин жүргүнчүлөрдү бустар ташып келген.

“Мындан ары ушул эле каттам номуру менен автобус жүрө баштайт. Акыркы аялдамалар Ак-Өргөө конушунда жана Аламүдүн-1 кичи районунда жайгашат. Күн сайын 26 даана автобус пландык чыгууну аткарат. Аралыгы 7-10 мүнөттү түзөт”, — деп билдиришти мэриядан.

Коомдук транспорттун кыймылын “Менин шаарым” мобилдик тиркемесинен карап турууга болот.

Автобустардын ар бири GPS-трекери жана накталай эмес төлөм жүргүзүү үчүн валидатор менен жабдылганы айтылды.

29 Апрель 2024 жыл 9:39
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча