Бишкектеги 2500 үй-бүлө ноябрь айынан тарта турак жайлуу болот

Бишкектеги 2500 үй-бүлө ноябрь айынан тарта турак жайлуу болот. Бул тууралуу Президенттин иш башкармасынын башчысы Каныбек Туманбаев билдирди.

Анын айтымында, борбор калаада 9895 үй-бүлөгө батир курулууда. Ошондой эле жакында «Ынтымак конушунда» 8100 батир салынып баштады.

«2-3 жыл аралыгында Бишкек шаарында кезекке турган бардык жарандар батир менен камсыз болот», — деди ал.

Каныбек Туманбаев белгилегендей, учурда өлкө боюнча 610 турак жайдын курулушу жүрүүдө. 32 777 батирлүү турак жай салынып жатат. Жалпысынан алардын аянты 2 млн 600 миң чарчы метрди түзөт.

24 Октябрь 2024 жыл 16:59
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча