Бишкектеги Ботаникалык бакта милиционердин сөөгү табылды

Бишкектеги Ботаникалык бакта милиционердин сөөгү табылган. Бул тууралуу Бишкектин Октябрь РИИБден тастыкташты.

Милициянын сөөгү бүгүн күндүз табылган. Алдын ала маалымат боюнча, маркум өз өмүрүнө кол салган.

РИИБден билдиргендей, 5-февралда милицияга маркумдун жубайы кайрылып, күйөөсү 4-февралдан бери дайынсыз болуп жатканын айткан. Аталган иш бирдиктүү реестрге катталып, тиешелүү экспертиза дайындалды. Учурда тергөө иштери уланууда.

6 Февраль 2024 жыл 20:03
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча