Бишкектеги Театралдык гүл бакчадагы фонтандар оңдолууда

Бишкектеги Театралдык гүл бакчадагы фонтандар оңдолууда. Бул иштер мэриянын Капиталдык курулуш башкармалыгынын шаардагы фонтандарды ремонттоо боюнча планынын алкагында жасалып жатат.

“Кабар” агенттигине муниципалитеттен билдиришкендей, бүгүнкү күндө демонтаждоо иштери аяктады. Эми жерди даярдоо, коммуникация тартуу, ошондой эле фонтандын бетон чөйчөгүн куюуга даярдыктар жүрүүдө.

Ремонт иштери подрядчы уюм тарабынан 8-августта башталган. Жаңыланган фонтандагы оңдоп-түзөөлөр 31-октябрда аяктайт.

21 Август 2025 жыл 17:14
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча