Бишкектеги тик учактын кыйрашында бир аскер кызматкери каза болду

Бишкектин четиндеги Ми-8 аскердик тик учагынын кыйрашынан бир аскер кызматкери каза болду. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, дагы 8 аскер кызматкери жабыркады. Анын ичинен төртөө жандандыруу бөлүмүндө, бирөөнүн абалы өтө оор, үчөөнүн абалы оор. Алардын баары медициналык тез жардам ооруканасына жаткырылды.

Коргоо министрлигинин жана Куралдуу Күчтөрдүн Аскер-аба күчтөрүнүн тиешелүү кызматкерлери тарабынан кырсыктын чоо-жайын тактоо иштери жүргүзүлүүдө.

17 Январь 2024 жыл 14:15

Тема боюнча