Бишкектеги турак үйдөн чыккан өрт өчүрүлдү

Бишкек шаарынын Некрасов көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн чыккан өрт саат 08:59да толук өчүрүлдү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, тилсиз жоону өчүрүүгө жалпы 3 күжүрмөн эсеп жана штаб тартылды.

Белгилей кетсек, өрттүн кесепетинен жабыркагандар жок.

Өрттүн аянты болжол менен 230 чарчы метрди түзгөн.

27 Ноябрь 2024 жыл 11:42
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча