Бишкектеги «Вефа» соода борборунда өрт чыкты

Бишкектеги «Вефа» соода борборунда өрт чыкты.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдашкандай, Байтик баатыр көчөсүндөгү «Вефа» соода борборунун 3-кабатында жайгашкан «Oz Huzur Sukuret» кафесинен өрт чыккан.

Маалымат түшөр замат өрттү өчүрүүгө 2 бөлүм, автошаты жана штаб тартылды.

Кафенин аба сордургучунан тутанган тилсиз жоо саат 10:52де толук өчүрүлдү. Өрттүн жалпы аянты болжол менен 15 чарчы метрди түзөт. Соода борбордон 150дөй адам эвакуацияланган. Жабыркагандар жок.

20 Ноябрь 2024 жыл 11:30
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча