Бишкектеги “Ынтымак” ипотекалык турак жай комплекси 2026-жылы салынып бүтөт

Мамлекеттик ипотекалык компания өлкөнүн аймактарында жеткиликтүү жана ыңгайлуу турак жайларды куруу боюнча масштабдуу долбоорлорду ишке ашырууну улантууда.

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрагасынын орун басары Асылгүл Сыдыкова “Кабар” маалымат агенттигинин түз эфиринде билдиргендей, “Ынтымак” турак жай комплексинин курулушун 2026-жылы бүткөрүү пландалууда. Бул объект премиум-класстагы турак жай долбоору болгондуктан, энергияны үнөмдөөнүн жана коопсуздуктун заманбап стандарттарына ылайык курулууда.

Сыдыкованын айтымында, Нарын шаарында ушундай эле долбоор 2026–2027-жылдарга пландаштырылган. Программанын алкагында ал жерде 433 батир курулуп, пайдаланууга берилет.

Ал кошумчалагандай, Бишкектин Маликов көчөсүндөгү имараттарга бардык газ түтүктөрү тартылып, от казандар орнотулду. Учурда тейлөө кызматтарын тиешелүү уюмдарга өткөрүп берүү маселеси талкууланууда.

7 Октябрь 2025 жыл 17:38
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча