Быйыл Бишкектеги Юнусалиев көчөсү Горький көчөсүнөн Кулатов көчөсүнө чейин узартылат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул болжол менен 1 чакырым аралыкты түзөт.
«Унаа тыгындарын болтурбоо үчүн жумуштар каникул маалында, көчөлөрдө кыймыл суюлганда болжол менен эки жумадан кийин башталат», — деп маалымдашты муниципалитеттен.
Белгилей кетсек, учурда Юнусалиев көчөсү Горький көчөсүнө барып такалат жана андан ары жол жок.