«Кыргызиндустрия» ААКтын туунду ишканасы «Кыргызчеттранс-Ош» ЖЧКсы 2-сентябрдан тарта Бишкектен Ош шаарына троллейбустарды ташып жеткирүү ишин баштады.
«Кыргызиндустрия» ишканасынан билдиришкендей, үстүбүздөгү жылдын апрель айында Ош шаардык мэриясы тарабынан жарыяланган тендердин негизинде бул ишти алып баруу милдети “Кыргызчеттранс-Ош” ЖЧКсына жүктөлгөн.
«Негизинен 100 троллейбус, трасформаторлор, электр чубалгылары жана мамычалар жеткирилет. Жалпысынан 152 рейс жүргүзүлөт», — деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, «Кыргызчеттранс – Ош» ЖЧК — эл аралык жана ички жүк ташууларды уюштурууга багытталган транспорттук-логистикалык компания.