Бишкектин айрым аймактарында эки күн газ болбойт (даректер)

«Бишкекгаз» газ кызматы орто басымдагы газ өткөргүчүндө газдын агышына байланыштуу оңдоо иштерин жүргүзөт.

Буга байланыштуу 24-апрелден 26-апрелге чейин М.Ганди көч., Тулебердиев көч., Манас көч., Васильев көчөсү кесилишкен аймактарда жаратылыш газы өчүрүлөт.

«Бишкекгаз» газ кызматы абоненттерди жаратылыш газы өчүрүлгөн мезгилде энергиянын алтернативдүү булактарын колдонууну сунуштайт.

23 Апрель 2024 жыл 13:43
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча