Бишкектин айрым даректеринде 3 күн бою ысык суу болбойт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 3-сентябрь саат 09:00дөн 6-сентябрь саат 16:00гө чейин Бишкек шаарындагы С. Кийизбаев көчөсү 1/3, 22/1, 22 даректеринде түтүктөрдү алмаштырууга байланыштуу ысык суу берүү убактылуу токтотулат.
“Бишкекжылуулуктармагы” муниципалдык ишканасы убактылуу ыңгайсыздыктар тууралуу маалымдайт жана түшүнүү менен кабыл алууну суранат.