Бишкектин айрым жерлеринде 6 күн газ болбойт

«Бишкекгаз» газ кызматынан билдиришкендей, 19-24-сентябрда орто басымдагы газ өткөргүчүндө оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу төмөнкү көчөлөр менен чектелген райондо жаратылыш газы убактылуу өчүрүлөт:

Фучик көчөсү, ЧЧК, Ала-Арча дарыясы, Москва көчөсү, Кулиев көчөсү, Бөкөнбаев көчөсү, Дэн Сяопин көчөсү, Жангерчинов көчөсү, темир жол, Садыгалиев көчөсү, Б.Алыкулов көчөсү, Патрис Лумумба көчөсү, Профсоюзная көчөсү

«Өчүрүү учурунда альтернативдүү энергия булактарын колдонууну суранабыз. Түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз», — деп айтылат маалыматта.

19 Сентябрь 2025 жыл 9:25
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча