«Бишкек газ» кызматы жер астындагы орто басымдагы газ өткөргүчүндө оңдоо иштерине байланыштуу 9-11-октябрь күндөрү борбордун бир катар аймагында жаратылыш газы өчүрүлөрүн маалымдады.
Тагыраагы, Абай көчөсү, Горький, Панфилов, Кулатов, Каракульская, Медеров, Ашхабад көчөлөрү кесилишкен аймактарда газ өчөт.
«Бишкек газ» кызматы газ өчүрүлгөн мезгилде энергиянын алтернативдүү булактарын колдонууну сунуштайт.
Оңдоо жумуштары күз-кыш мезгилинде газ менен ишенимдүү жана коопсуз камсыздоо максатында жүргүзүлүп жатканын билдирди.