Бишкектин бир катар аймактарында төрт күн газ болбойт

«Бишкекгаз» газ кызматы орто жана төмөнкү басымдагы газ өткөргүчтөрдө оңдоо иштерине байланыштуу борбордун бир катар көчөлөрү менен чектешкен райондорунда жаратылыш газы убактылуу өчүрүлөрүн маалымдады.

13-14-майда Садырбаев, Масалиев, Абдрахманов, Бакаев көчөлөрүндө,

14-16-майда Манасчы Сагынбай, Ч.Валиханов, Загорский, Аламедин 1 кичи районунда,

15-17-майда Гагарин, Садырбаев, Термечиков көчөлөрү менен чектешкен райондордо жаратылыш газы өчөт.

«Бишкекгаз» газ кызматы абоненттерге жаратылыш газы өчүрүлгөн мезгилде энергиянын алтернативдүү булактарын колдонууну сунуштайт.

10 Май 2024 жыл 18:24
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча