«Бишкекжашыл курулушка» 67 млн сомдук атайын техникалар тапшырылды

 «Бишкекжашыл курулуш» муниципалдык ишканасы заманбап атайын техникалар менен камсыз болду. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Атайын техникалар Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги тарабынан ишке ашырылып жаткан «Кыргыз Республикасында абанын сапатын жакшыртуу» долбоорунун алкагында Бишкекте ирригациялык тармактарды реконструкциялоону, тейлөөнү жана башкарууну жакшыртуу, борбордогу дарыялардын нугун жана каналдарын тазалоо үчүн берилди.

Техникалар шаардык экосистеманы чыңдоого, ирригациялык тармактарды башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга жана Бишкекте абанын сапатын жакшыртууга багытталган.

Тапшыруу аземине жаратылыш ресурстары министри Медер Машиев, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, түзүмдүк бөлүмдөрдүн өкүлдөрү, долбоорду ишке ашыруу бөлүмүнүн кызматкерлери катышты.

Иш-чарада жалпы 67 млн сомдук 9 атайын техника берилди. Анын ичинде экскаваторлор, самосвалдар, ылай соргуч жана канализация тазалоочу жабдыктары бар комбинацияланган жүк ташуучу техникалар бар.

22 Сентябрь 2025 жыл 9:48
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча