Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы блогер Али Эргешев кармалганын ырастады. Мекеменин маалыматына караганда, аны 13-февралда эл аралык “Манас” аэропортунан милиция кызматкерлери адамды жүзүнөн тааныган видеобайкоонун жардамы менен кармаган.
Министрлик ал 2023-жылдын май айында болгон бейбаштык окуясы боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында кармалганын, Жалал-Абад шаардык сотунун токтомуна ылайык, камалганын билдирди. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Бейбаштык” беренеси менен иш козголуп, издөө жарыяланганын маалымдады.
Мунун алдында Али Эргешев Инстаграмдагы баракчасына видео, фото жарыялап, аны укук коргоо кызматкерлери кармаганын айткан.