Бүгүн, 31-октябрда Боом капчыгайынын бир бөлүгү унаа кыймылы үчүн убактылуу жабылат.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын маалыматына ылайык, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 129-чакырымынан 130-чакырымына чейинки бөлүгүндө таш кулатууиштерине байланыштуу бүгүн саат 15:00гө чейин унаа жолу маал-маалы менен жабылып турат.
Айдоочуларды түшүнүү менен мамиле кылууга жана сапарды алдын ала пландаштырууга чакырабыз, — деп айтылат билдирүүдө.
Эскерте кетсек, таштарды кулатуу иштери күндүзү күн ачык мезгилде гана жүргүзүлөт.